Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оштун жаңы мэрин 18-июлда шайлашат

Бул туурасындагы токтомду Борбордук шайлоо комитети чыгарды

2018-жылдын 4-июлундагы БШК токтому менен Оштун мэрин шайлоо 18-июлга белгиленди, саат 9:00 баштап 12:00 чейин.

Ош аймактык шайлоо комитетине КР мыйзамына ылайык шайлоо өткөрүү тапшырылган.

Премьер-министрдин буйругу менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев берген арызынын негизинде 3-июлда кызматтан бошотулду.

Маалымдайбыз: Шаардын мэри болуп, КР «Ош шаарынын макамы тууралуу» мыйзамдын 22-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын жогорку билимдүү, мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда жана саламаттык сактоо же башкаруу кызматтарында 5 жылдан кем эмес эмгек тажрыйбасы бар, мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн жараны шайлана алат. Ошондой эле кылмыш кылып  соттолгон жана башка мамлекеттин жарандыгын алган Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри болуп шайлана албайт.

БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх