Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери Көчмөндөр оюнуна өз каалоолору менен акча берип жатабыз дешти

Мекемедегилер бир күндүк айлык акыларын жокко санап,  бул чоң окуяга өздөрүнүн салымын кошолу деп билдиришти

«Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын» эсебине  экология жана  техникалык коопсуздук Мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери бир күндүк айлык акыларын которушту. Бул туурасындагы маалыматты  Vesti.kg сайтына мекеменин пресс-кызматы тактап берди.

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна багышталган жалпы топтомго 543 миң 900 сом которулду.

- Биз жалпы чогулушта ДКО акча которуу демилгесин көтөрдүк, - деди пресс-катчы Жанара Рыскулова.  - Бизди эч ким мажбурлаган жок. Бул жерде кеп каражатта деле эмес, биз жөн гана камылгага жардам кылалы деп чечтик.
3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2-8 сентярда Чолпон-Атада өтөт. Мелдешке катышуу үчүн Кыргызстанга 100 ашуун дүйнө өлкөлөрүнөн "этноспортсмендер" келет.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх