Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда кылмыштуулукту эсепке алуунун электрондук китебин киргизишет

Жарандар өз арызынын макамын дайыма көз айырбай карап тура алышат

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кылмыштуулуктун электрондук китебин киргизүү маселеси боюнча жыйын кылды. Жыйындын жүрүшүндө Башпрокуратуранын өкүлдөрү тарабынан «Кылмыштуулуктун электрондук китебинин» программалык камсыздоосунун сынактык версиясы көрсөтүлдү.

Бул программалык камсыздоо «Айти-Сервис» Мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан.
Көрсөтүүнүн жүрүшүндө бул системанын аткаруу мүмкүнчүлүктөрү айгинеленди.

Андан сырткары, «кылмыштуулуктун электрондук китебинин» укук коргоо органдарынын иш аракетине киргизүү боюнча маалымат уктурулду.  

«Кылмыштуулуктун электрондук эсепке алуу китеби» укук коргоо органдарынын бардык тармактарында , ошондой эле сот жана прокуратурага киргизүү күтүлүүдө.

Системанын негизги өзгөчөлүгү арыздануучунун дайыма  QR-код сканерлөө каражатынын жардамы аркылуу өзүнүн арызын көрүп туруусу болуп саналат.

Кылмыштуулукту эсепке алуунун электрондук китеби 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кире турган КР кылмыш-жаза жана жүрүш-туруш Кодексинин алкагында түзүлө турган кылмыштуулуктун бирдиктүү Реестрин киргизүүнүн биринчи этабы болуп саналгандыгын белгилей кетүү зарыл.

Жыйынды жыйынтыктап жатып, вице-премьер-министр Разаков Бишкекте «Кылмыштуулукту эсепке алуунун электрондук китебин» колдонууга киргизүүнү тапшырды, ошондой эле бул багытка зарыл болгон жана кызыкдар болгон мамлекеттик органдарды атап өттү.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх