Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канатбек Исаевдин ишин кошумча иликтөөгө жиберишти

Депутаттын жакындары аларды сот процессине катыштырбай жатышкандыктарын билдиришти

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин ишин кайра карашат. Бул тууралуу анын кызы Бермет Исаева Vesti.kg сайтына билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда процесс болуп, анда сот Мирлан Термечиков ишти кайра кароого жиберди.

- Кечээ биз ишти кайра кароону сурандык, сот биздин өтүнүчүбүздү орундатты. Ошондой эле биз ушул жумада бөгөт коюу чарасын өзгөртүүнү суранабыз, - деди Бермет.

Депутаттын кызы иш жашыруун экендигин жана сотко эч кимди, ал тургай айыпталуучунун жакындарын да киргизбестигин белгиледи.

Канатбек Исаев «Кылмышка даярдануу», «Массалык башаламандык» жана «Бийликти күч менен басып алуу же зордук менен кармап туруу» беренелери боюнча айыпталгандыгын эске сала кетели.  

Былтыркы жылдын 30-сентябрынан баштап ал УКМК тергөө абагында отурат.

Зулайка Эркимбаева
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх