Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге бакыт каалады

Кыргыз президенти өзүнүн казакстандык кесиптешин туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков өзүнүн казакстандык кесиптеши Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады.

«Сиздин тажрыйбага бай кесиптик жана өмүр жолуңуз мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө карылуу түркүк болуп берет, Казакстандын эли ушунуңуз үчүн сизди урматтап жана колдошот. Сиздин жетекчилигиңиздин аркасында Казак Республикасы дүйнө коомчулугундагы эл аралык мамилелерде толук кандуу мүчө болду. Биздин кыргыз-казак мамилелери бири-бирин урматтоого негизделген, мындан ары да эки бир тууган өлкөнүн кызматташуусун кеңейтүүгө өбөлгө түзөт», - деп белгиленет Мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Жээнбеков Назарбаевге чың ден соолук, бакыт, бакыбаттуулук жана ой-максаттарды ишке ашырууда ийгилик каалады.

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Сүрөт www
    


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх