Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ДКО Катчылыгынын башчысы: Компанияларга катты туура эмес жазып коюшуптур, ошонун айынан айгай чыгып атат

Ал арада 20 мамлекет көчмөндөр оюнуна катышаарын билдирди. Алардын арасында АКШ, Канада, Орусия, Индия, Иран, Казакстан жана Кытай бар

2018-жылкы сентябрда боло турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 20 мамлекет келээрин билдиришти. Бул туурасында ДКО өткөрүү жана даярдоо боюнча катчылыктын башчысы Нурсултан Аденов  Vesti.kg сайтына билдирди.

- Бул АКШ, Канада, Венгрия, Индия, Иран, Орусия, Казакстан, Кытай, - деди ал. - Ошентип 150 адам келээри анык болду. Бул али бардыгы эмес. Каттоо уланып атат, азыр биз 70 чамалуу мамлекет менен иштешип атабыз.  Аденов ММК билдиргендей Чолпон-Ата ипподромун абар ырайы бузуп кетти деген маалыматты четке какты. Анын сөзү боюнча, имаратты оңдоо иши дээрлик бүтүп калды.

Бир канча кун мурун Vesti.kg сайтына экология жана техникалык коопсуздук Мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери ДКО-2018 бир күндүк айлык акыларын бергендигин жазышкан эле. Кыскасы пресс-кызматы бул демилге чиновниктердин өздөрүнүкү болчу дешти.  

«Министрлик <…> азыркы учурда ДКО катчылыгы менен бирдикте III  ДКО өткөрүү үчүн демөөрчүлөрдү тартуу маселесин иштеп чыгып жатат, - деп жазылат анда. - Ушуга байланыштуу ДКО катчылыгы өз каалоосу менен демөөрчү боло тургандарды тартууга биргелешип жардам көрсөтүү үчүн Министрликке кайрылды ».

Мурда соцтармактарда ушуга окшогон министрдин орун басары Автандил Алыбаевдин колу коюлган катты жарыя кылышкан эле.

- Акча жетет, эч кимден атайын барып сураган жокпуз, - дейт ал. Негизги өзөк бар, бирок биз мурунку оюндагы демөөрчүлөрдү чакырабыз, анткени бул аларга да пайдалуу. Мындай иш-чарада өздөрүн жарнамалаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми бул кат боюнча болсо, айыл чарба Министрлигинде аны туура эмес түзүп коюшуптур, ошондуктан айгай чыгып атат.

Катчылыктын жетекчилиги Дүйнөлүк кочмөндөр оюнуна мамлекеттик бюджеттен 307,2 миллион сом бөлүнгөндүгүн белгиледи. Андан сырткары, демөөрчүлөрдөн 70 миллион сом түштү.

2017-жылы күзүндө каржы Министрлиги билдиргендей , 175 млн. сомду маданият Министрлиги алган, 132,2 млн. сомду жаштардын иши, спорт дене тарбий боюнча Мамлекеттик агентствосу алган. ДКО катчылыгынын чыгымына болсо 3,6 млн. сом бөлүнгөн.

Ошондой эле ДКО катыша турган 1,1 миң артисттин жатып жана жашаганына 15,7 млн. сом бөлүшкөн. Мамлекеттик сатып алуунун полрталы билдиргендей, аларды жергиликтүү апнсионаттардын люкс жана жарым люкс номурларына жаткырууну көздөп жатышат.

- ДКО-2016 сайтында мамлекеттик жана демөөрчүлүктүн каражаттарынын сарпталышы тууралуу отчёт бар, - дейт Аденов. Бул оюн бүткөн соң муну да жарыя кылабыз.


2016-жылы II  ДКО 1,5 млрд. сомдой каражат коротулган. Акчанын көбү жаңы ипподром курууга кеткен.
2014--жылкы биринчи ДКО болсо 200 млн. сом корогон, анын ичинен 120 миллиону мамлекеттин бюджетинен кеткен.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2018-жылы2-8 сентябрда Чолпон-Атада өтөт.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх