Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖЭБ боюнча чуулгандуу иш ойрон болдубу? Эксперттер мыйзам бузууну таба алышкан жок (сүрөт)

МСЭК кызматкерлери жылуулук электроборборун модернизациялоодо баалар ашыра көрсөтүлгөнбү, же жокпу биле албай жатышат

Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик соттук-экспертизалык кызматы Бишкек ЖЭБ модернизациясында мыйзам бузууларды таба алган жок.  Фейсбук соц. тармагынын бир группасында КРӨ алдындагы МСЭК корутунду документтеринин сүрөттөрү жарыя кылынган. Аларга бааларды ашыра көрсөткөндүгүн аныктоо тапшырмасы жүктөлгөн.

Андан сырткары, аткарылган жумуш жана материалдар КР өмөтүнүн талаптарына ылайыктыгын аныктоо тапшырылган.

Эксперттердин корутундусунда  Бишкек ЖЭБ энергоблогун куруу сметалык документсиз жүргузүлгөн, ал эми долбоорлоо кошо жүргүзүлө берген. Ушунун айынан ал жердеги жабдууларды орнотууда баалар ашырылып жазылганын аныктоо мүмкүн болгон жок.

Эксперттер ЖЭБ модернизациясындагы  ТВЕА компаниясы тарабынан аткарылган жумуштар жана курулуш материалдарынын сапаты КР өкмөтүнүн талаптарына жооп берет деп жыйынтык чыгарышты.



«Бул эмнени каңкуулайт? Баалардын ашыра жазылуусу тууралуу кылмыш ишин козгоого негиз жок дегендиби!», - деп жазат документтерди жарыя кылган интернет колдонуучу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх