Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй областынын башчысы айылдыктардын ар бири менен эркекче мушташууга даяр экендигин билдирген (видео)

Туйгунаалы Абдраимовго окшош адам убагында алтурсун Рыспек Акматбаевди сөккөндүгүн белгилеп кетти

Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов бир айылдын дыйкандарына «эркекче чыгып жана сүйлөшүп» коюуга даяр экендигин билдирген. Анын ошентип айтып аткан видеолору ММК жана соц. тармактарда пайда болду.

Тасмадан Чүй облусунун башчысы Туйгунаалы Абдраимовго окшогон кишинин айылдыктар менен жоолугушуу өткөрүп жаткандыгын көрүүгө болот. Турган элдердин ичинен бирөө ага мындай деген суроо узатты: "Сиз эмне максат менен бул кызматка келдиңиз?". Суроого областтын башчысы минитип жооп берди: «Сен кимсиң өзү? Прокуоросуңбү?». Ага жооп кылып жергиликтүү элдин кыйкырыгы чыкты, бирок аларды чиновник төмөндөгүдөй фраза менен токтотту: «Ар бириң менен эркекче чыгып сүйлөшүп коюуга духум жетет!». Залдагылардын баары каткырышты.

- Мен 27 бери премьер-министр болуп иштегем, -деп улантты ыйгарым укуктуу өкүл. - Мен мыйзам бузган болсо мени капкачан эле Акаев, Бакиев алтургай менин досум Атамбаев камап салмак. Силер мени коркутпагыла. Мени убагында Рыспек Акматбаев да коркута алган эмес. Мен аны келиштире сөккөнмүн.


 
Үстүбүздөгү жылдын 25-майында Туйгунаалы Абдраимов Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалгандыгын эсиңиздерге салабыз.

Бакыт Стамов
Сүрөт www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх