Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ак үйдөгүлөрдүн баары той ырын уккусу келет»

Белгилүү маданият кызматкерлери мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруудагы башаламандык жана кечээ эле «чөргөктө» жаткан артисттер "элдик" болуп калып жатышкандыктары тууралуу айтышат

Кыргызстанда маданият жана искусство жаатында мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу таптакыр башаламан. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайты менен КР эл артисти, белгилүү музыкант Курмангазы Азыкбаев бөлүштү.

- Мурунку президенттин убагында сыйлыктар Маданият Министрлигинин тийешеси жок эле берилип келди, - дейт ал. - Эмгек сиңирген артист наамын академиялык билими жок адамдар алышты - бийликтегилерге жердеш болсо эле бере беришчү. Кимге сыйлык беришти Ак үй чеччү. Бирок мындай болбошу керек эле да. Искусство адамдарын ошол жааттагы гана адамдар сыйлык бере алат, эстрадалык ырчыларга, жана башкаларга берилип, чыныгы искусство ээлери көлөкөдө калып жатат. Бизде жаңы гана «чөргөктөн» чыккандар «элдик» наамына ээ болушат. Ал наамды алуу үчүн салым кошуу керек го.

Курмангазы Айылчиевич эл артисттеринен Кыргызстандын маданиятын өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр тууралуу сурагпайт дейт.

- Маданият Министрлиги - бул жайлоо, - дейт ал. - Алар коллегияга өз салымын кошкон адамды чакырышы керек. Анан ал адамдар кимге сыйлык берүүнү чечишет. Бизден сурашса айтмакпыз кандай көйгөй бар экендигин. Маданият Министрлигинен бирөө чыгып жок дегенде маданият жана элдик инструмент тууралуу айтып берсин да. Бир жолу биздин оркестр Ак үйдө ойноду эле, кайсы чыгарма экендигин эч ким билген жок. Баары эле той ырын угалу дешет. Мен азыркы маданият министри тууралуу эч нерсе дегим келбейт, бирок тартипке салышы керек да.  Мекемеде мекенди жана тарыхты сүйгөн адамдар керек. Мындай кишилердин жоктугу жан дүйнөңдү оорутат.

Өз кезегинде маданиятка эмгек сиңирген ишмер Мар Байжиев да маданият тармагында сыйлыктар адилетсиз берилип жаткандыгын айтты.

- Театрга бүт жашоосун арнаган кишилдер бар, - дейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. Алар азыр чоң эне, чоң ата болушкан, бирок дагы эле катардагы артист. Ал эми ресторандарда тойду алып барган тамада болсо - эл артисти. Эл буга нааразы, ал эми биздей карылар менен кеңешкенди каалашпайт. Сыйлыкты жөн гана сатып алышат. Бул чоң акыйкатсыздык жана буга эч кимиси көнүл бургусу келбейт.

Белгилүү режиссер жана сценарист Эрнест Абдыжапаров мамлекеттик сыйлыкты чыгармачыл адамдардын өнүгүүсүнө түрткү берүү үчүн беришпейт дейт.

- Искусство ишмерлерине адилетсиз сыйлык ыйгаруу Советтер союзунан калган мурас. Кошоматчыларга беришчү мурда, - дейт ал Vesti.kg сайтына.

- Азыр болсо наамды саясий мотивде беришет. Бийлик азыр адамдарды сатып алуу үчүн сыйлык берет. Мен буга каршы болуп, сыйлыктан баш тарттым. Бул жаатта реформа жүргүзүш керек. Чыгармачылык менен алектенип жана упай топтоо керек, карыганда пенсияга жеңилдик болушу үчүн кам көрүүбүз керек. Азыр болсо наамды жөн эле макам катары берет да.

Ал эми артист, актёр жана кинорежиссер Актан Абдыкалыков Vesti.kg сайты менен маектешкенде бул тема узун кеп болоорун белгилеп, комментарий бербөөнү туура көрдү.

Маданият Министрлиги смыйлыктарды Искусство жана маданият ишмерлерине берүүдөгу маселени ачык талкуулоону көздөп жаткандыгын түшүндүрөбүз.

Жыйын мамлекеттик сыйлыктар маданият жана искусство тармагындагыларга кандай бөлүштүрүлдү деген маанилүү темага арналат. Бул маселе коомдо коомчулукта көптөгөн талаш-тартыштарды жаратып келет.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх