Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП расмий өкүлүнө кызуу кандуу жаштарды көкүтпөй, оозуңа карап сүйлөп жүр дешти

Чүй областынын мурунку башчысы Москва районундагы партиялык конференцияда  «Социал-демократтардын» билдирүүсү тууралуу айтып берди

Чүй облусунун мурунку башчысы Сагынбек Абдрахманов Москва районунда өткөн КСДП партиялык конференциясы тууралуу  расмий өкүлүнүн айткан сөздөрү «карандай калп» деди. Бул тууралу ал Vesti.kg сайтына өзү билдирди.

Анын айтымында, конференцияга 15 киши гана келди дегени чындыкка дал келбейт. - ММК видеолор муну далилдеп берет. 12 айыл өкмөттөн 7-8 КСДП мүчөлөрү келди. Бул мурда каттоодон өткөндөрү гана.
Ошону менен эле катар, көптөгөн башка партиялардын да өкүлдөрү келишти. Алар тууралуу мен жакшы гана нерселерди айта алам.
Ошону менен бирге Сагынбек Абдрахманов КСДП өкүлүнө оозуна карап сүйлөөгө кеңеш берди. Болбосо анын сөзунүн арты жаман нерсе менен бүтүп калышы мүмкүн.

- Аларды кантип саткын деп атайсың, - деп улантат маектешибиз. - Алардын көбү мурунку режимден жабыр тарткандар, ошондо да партияны таштап кеткен жок. Көптөрүнүн 7-апрелде жакындары каза болгон. Ошондуктан сүйлөп жатканда этият болууга кеңеш берээр элем. Балдардын каны кызуу, ушул сөздүн айынан бирдеме болушун мен каалабайм.

Кечээ Чүй областынын мурдагы башчысы Сагынбек Абдрахмановдун демилгеси менен Чүй областынын Москва районунда социал-демократтардын партиялык жыйыны болуп өткөндүгүн эске сала кетели.  Резолюция кабыл алынып, анын пункттарынын бири «КСДП Атамбаевсиз» деп аталды

Ал ортодо КСДП бул иш-чараны мыйзамсыз жана легитимсиз деп атап салды.

"Москва районундагы чогулушта бар болгону 15 чакты КСДП мүчөсү болду. Көп көрсөтүш үчүн дагы бир 50-60 киши топтошту. Көптөрү эмнегше келгенин деле билишкен жок" , - дейт КСДП расмий  өкүлү өз билдирүүсүндө

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх