Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Осмонбек Артыкбаев катуу ооруп жатса да, актыгы үчүн күрөшөт»

Депутаттын жактоочусу коомчулукту анын коргогон адамын жок жерден эле каралай бербөөгө жана ооруган адамга карата адамгерчилик менен мамиле кылууга чакырды

Депутат Осмонбек Артыкбаев кээ бир саясатчылардай болуп анткорлонуп оорудум дебейт, ал чындап эле оор акыбалда. Бул туурасында Vesti.kg сайтына эл өкүлүнүн жактоочусу Айжан Орозакунова билдирди.
 
Анын айтымында, акыркы убактарда ал коргоого алган адамды каралоо аракеттери башталды.
 
-Анын саламаттыгы кескин начарлап, ооруканага жаткырылганы коомчулукта түрдүү талкууга жем таштады. Замандаштарыбыздын бири ооруканага качып кетиш үчүн которулду десе, экинчиси эркиндикке чыгуунун жолу катары сыпаттап жатышат. Бирок, ким эмне дебесин Осмонбек Артыкбаев кээ бир саясатчылардай болуп анткорлонуп, жасалма ооруп жаткан жок. Анын дарты чындап эле олуттуу. Ошон үчүн УКМК дарыгерлердин айтканына ынанып, ооруканага которууга аргасыз болду. Себеби, дасыккан дарыгерлер аритмия, астма деген диагноз коюп, анын кан басымы көтөрүлүп кеткенин аныкташты. Дарыгерлердин чечими менен Артыкбаев Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборунда дарылана баштады. Айрымдардын сынына кабылбайлы деп УКМК Артыкбаевдин саламаттыгы начарлаганын эске албай  СИЗОсунда кармай берсе, дарты өрчүп кетип, Кудай сактасын каза болуп калса, укук коргоо органдарына да, коррупция менен күрөшүүнү камоо аркылуу ишке ашыра баштагандардын  беттерине да көө шыбалып, эл алдында аброю төмөндөп, коррупция менен күрөшүүнү максат кылган  урааны эч нерсеге арзыбай калмак.
 
Ошондой эле  жактоочу коомчулукту ыгы жок каралай бербөөгө чакырып, төмөнкүлөргө токтолду.
 
-Кыргызда жыгылган кишини теппейт деген жакшы накыл кеп бар. Ата салтын улап, камакка алынып ансыз да саламаттыгы начарлап жанынын айласын таппай чебелектеп кыйналып жаткан адам тууралуу жаман айтпай сакайып кетсин деп тилек кылып туралы. Анткени, сакайып кетсе мыйзам алдында жооп берип, күнөөлүү же күнөөсүз экени сотто аныкталат. Өзү да качып кеткенге эмес, мыйзам алдында жооп берип, сотто ак экенин далилдөө кызыкдар. Ошондуктан ага чейин ар кайсыны айтып божурабай, чындыкка дал келбеген имиштерди чыгарып, элдин тынчтыгын бузбай сабыр кылып туралы. Кыргызда табаа эмес, тобоо кыл деген жакшы сөз бар. Ооруп жаткан адамды, башына кыйын иш түшкөн кишини табалабайт. Жакшы сөз айткысы келбесе, унчукпай коёт. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, анын үй-бүлөсүнө, жакындарынын психологиялык кысымга алуу аракетин көргөндөрдүн  маанайы бүгүн беш болгону менен  башына эртең Артыкбаевдин күнү түшүп калбайт деген кепилдик жок да. Ошон үчүн ыгы жок каралап, жөнү жок доомат коюдан алыс бололучу,-дейт анын жактоочусу.
 
Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх