Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башпрокуратура ИИМ мурдагы башчысы Молдомуса Коңгантиевдин кылмыш ишин иликтейт

Сооронбай Жээнбеков тийешелүү тапшырманы башкы көзөмөлдөө органына берди

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков ИИМ мурдагы башчысы Молдомуса Коңгантиевге карата козголгон кылмыш ишин иликтеп, укуктук берүү үчүн Башкы прокуратурага тапшырма берди. Бул тууралуу президент Талас облусунун жашоочулары менен болгон жоолугушууда билдирди.

Жоолугушуу учурунда президент 2010-жылы прокуратура органы тарабынан 3408 кылмыш иши иликтенгендигин билдирди.

«Көрсөтүлгөн кылмыш иштеринин арасында 2010-жылы козголгон Коңгантиевдин да иши бар, кийин токтотулган. Кылмыш ишинин курамы жок болгондуктан 2018-жылы 18-июнда Башкы прокуратура кылмыш ишин жапкан. Мен Башкы прокуратурага бул жабылган ишти иликтеп , укуктук баа берүүгө тапшырма бердим», - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Молдомуса Коңгантиев КР КЖК 316 берене 1 б. (Шалаакылык) жана 305 берене 2,4,5 (Ыйгарым укугун ашыра колдонуу) пункттарында көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча айыпталгандыгын эсиңиздерге салабыз.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх