Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө добушун жарыя кылышты

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бир ооздон чечим кабыл алышты. Эми кеп премьерде калды

Бишкектин шаар кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө добушун  жарыя кылышты. Жашыруун добуш беришти. Кезексиз сессияга баары болуп 45 депутаттын  40 катышты.

Регламент боюнча, мэрдин отставкасына добуш берүү үчүн депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси катышышы зарыл. Ал эми азыр болсо 30 депутат жетишээрлик болмок.  

Мыйзам боюнча, шаардык кеңештин ишеним көрсөтпөө чечимин премьер-министрге жөнөтүшөт.

Эгерде министрлер кабинети бул чечимди колдобосо, Бишкек шаардык кеңеши үч айдын ичинде бул маселени дагы көтөрө алат.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулгандыгын эсиңиздерге салабыз. Күн тартибиндеги жалгыз маселе фракция лидерлеринин шаардагы болуп жаткан кырдаал боюнча кайрылуусу.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх