Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакиевдердин үй бүлөсү Молдомуса Коңгантиевди коргоого өттү

Качкын президенттин чөйрөсүндөгү адам алардын позициясын айтты

«Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Азимбек Бекназаров, Болот Шерниязов жана булардын бардык кылмыштык топтору 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларын обьективдүү иликтөөдөн коркушту. Ошондуктан булар Коңгантиевдин ишинин кайра козголушун каалап жатышат». Бакиевдердин үй бүлөсүнүн мындай деген билдирүүсүн  Vesti.kg сайтына качкын президенттин тарапташы жана журналист Аскат Тейит айтып берди.

Бакиевдер апрель окуясын чындап иликтегенде жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын аттары оор кылмыш менен байланышып калаарына ишенишет: түштүктөгү геноцид, мамлекеттик төңкөрүш, банктагы каражаттарды талап алуу ж.б.

«Роза Отунбаева Коңгантиевдин кылмыш ишинин жабылышын «жол берилгис» деп эсептейт. Бирок ал кантип мындай жыйынтык чыгара алат, ал материал менен тааныш болбосо, юридикалык квалификациясы жок болсо, - дешет качкын президенттин үй бүлөсү. - Ошондой эле Молдомуса Коңгантиевге карата соттун өкүмү жок. Анда ал кандай себеп менен мындай жыйынтык чыгарып жатат?! Ал мындай билдирүүнү саясий көз карашы менен эле айтып жатат. Демек бизге каршы козголгон иштер да баары саясий болот. Азимбек Бекназаров болсо ишти тергөө стадиясында токтотконго болбойт дейт. Бирок ал юрист, башкы прокурор да болгон. Бирок ал кылмыштын курамы болбосо КЖК ылайык ишти тергөө стадиясында токтотконго акысы бар экендигин билүүгө тийиш эле. Ошол эле убакта Бекназаров иштин материалы менен тааныш эмес экендигин айтты. Анда ал кандай негизде баа бере алат - кайсы туура, кайсы туура эмес экендигине ?! Демек, мунун баары саясий оюн. Эгерде милициянын иш-аракетинде кылмыштын курамы болбосо, анда алардын баары кылмыштуу топ болуп калышаарын ал абдан жакшы түшүнөт».

Ошону менен бирге Бакиевдер Молдомуса Коңгантиевдин ишине бир гана квалификациялуу юрист баа бере алат деп эсептешет.

«Дагы бир эске алчу нерсе, эгерде Кубатбек Байболов, Мыктыбек Абдылдаев же Кутуев сыяктуу юристтер билдирүү жасашса, анда УКМК тарабынан катачылык болгондугуна көңүл бурса болот эле деген Бакиевдердин позициясын берет Аскат Тейит. - Таласта губернатор барымтага алынып, областтык администрациянын имараты, ИИБ басылып алынган. Молдомуса Коңгантиев мыйзамды бузгандарга карата курал колдонгонго укугу бар болчу. Бирок ал ага барган жок. Ар кандай укуктук мамлекетте мындай мыйзам бузууга катаал чара колдонмок. Ушул себептен Молдомуса Коңгантиев иш жүзүндө жабырлануучу болуп эсептелинет, аны мыкаачылык менен сабашты. Бирок эч ким жазасын алган жок».

мындан мурдараак экс-башпрокурор Азимбек Бекназаров ИИМ мурунку башчысына карата козголгон кылмыш иши жандандырылыш керек деп билдиргендигин эске салабыз.

Мурунку ички иштер министринин күнөсү бар, же жоктугун бир гана сот аныктайт деп айткан эле.

Кийинчерээк өткөөл мезгилдин экс-президенти Роза Отунбаева да Молдомуса Коңгантиевдин ишинин жабылышы жол берилбей турган нерсе деп атаган.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх