Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канатбек Исаев - «алгачкы карлыгач» эмес, ал "колго көнгөн куш"

Кыргызстанда мурунку оппозицияга жайлуу орун даярдалып жатат деген ойлор бар...

Депутат Канатбек Исаевди үй камагына чыгарышты. Бишкек шаардык сотунун бул чечими тууралуу Vesti.kg сайтына билдиришти.

Үч оор кылмыш беренелери менен айыпталган эл өкүлү УКМК тергөө абагында дээрлик 10 ай отурду. Ал сыяктуу саясий камалгандарга акырындап боштондукка чыгуу мезгили келди, деп боолголосок болобу?

Маселен, саясат таануучу Марс Сариев андай эмес деп эсептейт. Ал Vesti.kg сайтына билдиргендей, Канатбек Исаев башка саясий камактагыларга караганда бир аз өзгөчөлөнгөн-фигура. Ага болгон айыптоолор бир аз солгунураак, себеби ал Сооронбай Жээнбековго керектүү киши.

- Бул нерсе мурдагы оппозиционерлерге жылуу-жумшак орун даярдоого умтулуу, - дйт талдоочу. - «Кыргызстан» партиясы башка кээ бир партиялардай эле КСДП партиясын чыңдоого керек болот. Жээнбекого азыр түндүктөгү күчүн көбөйтүшү керек. Исаев - Чүй, Бабанов - Талас. Жээнбековдун «Алтын сертификатты» Бабановдун уулуна тапшырганы эсиңердеби?

Бирок бардык эле саясий камактагы пайдалуу боло бербейт. Сариевдин ою боюнча, Атамбаев жок деп эле биринин артынан бирин сууруп чыга берүүнүн кереги жок деп эсептейт.

- Калгандары Жээнбековго керекги деле жок, - деп ал өз оюн улантат.  - Андан сырткары, салмактуулардан - Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаров. Алар деген бирөөнүн калкалоосуна муктаж эмес, өз оюндарын көрсөтүшү мүмкүн, ошондуктан кооптуу. Аларга коюлган күнөөлөр да оор.

Коомдук ишмер Жумакадыр Акенеевдин оюнча Канат Исаевдин үй камагына чыгышы Кыргызстанда мыйзам тегиз иштебегендигин белгиси.

- Ал киши өлтүргүч же зөөкүр эмес, - дейт талдоочу Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - анда эмнеге аны үйүнө коё бергенге болбосун? Бул бир эле Канатбек Исаевге тийешелүү эмес. Калаган бардык саясий камактагылар да, эч жакка чыкпоо чарасы менен үйлөрүндө отурушса болмок. Мисалы, Өмүрбек Текебаев. Эмне ал коркунучтуубу, иликтөөгө басым көрсөтөбү.

Бирок мындай чечимди сот гана чыгара алат деп эскертти Акенеев. Ал соттордун мыйзам боюнча иштөөсүнө үмүт артат.

Юридика илимдеринин доктору, саясат таануучу, профессор Бекбосун Бөрүбашев ар бир узак мезгилге чейин саясат менен алектенген адамдардын баары бай деп эске салат. Саясий камактагыларга ошол байлык каяктан келгендигине жооп берүүлөрүн сурайт.

- Кантип ошончо байлыкты топтоп алышты? Депутаттык айлык мененби? - деп кызыгат ал. - Адегенде алар саясий гана көз карашы үчүн отурушкандыгын далилдешсин. Болбосо баары эле жеп алып, акырында мени саясий куугунтук кылып атышат дешет. Эмне алар Маркс, Энгельстер менен кошо жаңы коом куруп жатышабы?

Vesti.kg сайты менен болгон маекте Бөрүбашев кыргызстандык бардык эле ишмерлердин саяий көз караштары окшош деди. Ал азыркы коррупциялык түзүлүштү Акаев куруп кеткен, ал эми калгандары аны өнүктүрүп гана келишти деп эсептейт.

- Үй бүлөлүук башкаруу болду, эми болсо партиялык, башкача айтканда баары бир кландык, - дейт ал. - Ошондуктан башка камактагылардын эмне болоорун айта да албайм. Алардын баары - бир эле системанын адамдары. Канатбек исаевге болсо оң келип калды - ийгилик гана каалайм.

Эске сала кетели, Vesti.kg сайты мындан мурдараак Бишкек шаардык соту Канатбек Исаевди үй камагына чыгаргандыгын билдирген эле. Ал 2017 - жылдын 30-сентябрынан бери УКМК тергөө абагында отурган болчу.
Жогорку Кеңештин депутаты «Кылмышка даярдануу», «Күч менен бийликти басып алуу же күч менен кармап туруу» жана «Массалык башаламандык» беренелери менен айыпталган.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх