Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камактагы Текебаев башпрокурорго анын кол астындагылары үчүн арызданды

Бишкек шаардык сотунун төрагасына кылмыш ишин козгоого карата көзөмөл органынын ачык эмес позициясы буга себеп болду

Өмүрбек Текебаев арыз менен Башпрокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды. Анткени Бишкек шаардык сотунун төрагасы Адис Момуналиевге кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына камактагы экс-депутаттын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

- Мурда Өмүрбек Чиркешович Башпрокуратурага  Адис Момуналиевге кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен кайрылган, анткени ал Текебаев менен Чотоновдун актыгын далилдөөчү фактыны жашырган, - деп түшүндүрдү Токтакунова. - Башпрокуратуранын башкармалыгынын начальнигинен бизге кат келди, анда кылмыш ишин козгобой тургандыгы айтылган. Бирок ошол эле убакта баш тартышкан да жок. Көзөмөл мекемесиндегилер бул алардын ыйгарым укуктарына кирбей тургандыгын айтышты. Текебаевге тартип комиссиясына кайрылууга кеңеш беришти.

Экс-депутаттын жактоочусу мыйзам боюнча ар бир арыз процессуалдык ирет менен каралышы керек экендигин эскертти.

- Кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан учурда, биз бул чечимге сотто арызданабыз, -деди ал. - Ал эми азыр болсо КР БП башкармалыгынын начальниги Текебаевдин мыйзамдуу укугун коргоо үчүн иш аракетке өтүүдө чектелип жатат.
Көзөмөл органынын ар кандай иш-аракеттерине арызданууга болот, биз башпрокурорго кайрылуу жасадык. Арызды кароого мыйзам боюнча 10 күн берилет.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх