Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Албек Ибраимов УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөттү

Чекисттер борбор шаардын башчысын кармоодогу так маалыматты билдиришти

Улуттук коопсуздук комитетинин пресс-борбору Бишкек мэри Албек Ибраимовдун шектүү катары  кармалгандыгы тууралуу расмий маалыматты таркатты. Ал УКМК тергөө абагына жеткирилгендиги белгиленет.

Чекисттердин маалыматы боюнча, Албек Ибраимов бир канча жолу тергөөчүлөр тарабынан иликтөө иштерин жүргүзүү үчүчн чакырылган. Тергөөчүнүн чакырганын билип туруп, атайылап барбай, кармоо учурунда, куралдуу каршылык көрсөтөм деп коркутууга аракет кылган.

УКМК МТБ бир катар кылмыш иштерин иликтейт, иликтөөнүн жүрүшүндө Ибраимовдун мыйзамсыз иштерге катышы бардыгы жөнүндө маалыматтар алынган.
Тактап айтканда, КР КЖК 171 беренесинин 4б. 1,2 пункттары менен кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш иши "Дастан ТНК"  ААК мүлктөрүн менчиктеп алуу жана атайын жабдууларды сатып алууда бааларды жогорулаткандыгынын алкагында. Жогорулатылган баадагы айырма 270 миң АКШ долларына барабар болгон.

Андан сырткары, КР КЖК 171 беренесинин 4 б. 1,2 пункттары менен козголгон кылмыш ишинде «Солнечный берег» ААК ТНК Дастанга тийешелүү 100% акциялар пакетин сатууда  келтирилген чыгымдын суммасы 152 млн. сом болгон.

Ошондой эле ал мэр болуп турганда Бишкектин жер участокторун мыйзамсыз саткан жана коррупциялык схемага жол бергендиги тууралуу козголдгон кылмыш иши. Атап айтканда 2017-жылы анын жеке көрсөтмөсү менен конкурс болуп, башка адамдарга каттатып 5 га жерди Бишкектин түндүк жагынан алып алган. Андан кийин ал жерди үчүнчү кишиге кымбат баада сатып жиберген.
Жогоруда аталган бардык кылмыш иштери тууралуу иликтөө жүрүп жатат.

Пресс-центр ГКНБ
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх