Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чыныбай Турсунбеков: Албек Ибраимовдун күнөөлүү болбой калышын өтө каалайм

КСДП депутаттары Бишкек мэринин кармалышы тууралуу айтып беришти

КСДП фракциясынын депутаттары Vesti.kg сайтына Бишкек мэри Албек Ибраимовдун кармалышы тууралуу айтып берип жатышып өздөрүн кем сөз кылып көрсөтүп жатышты.

Ал эми депутат Дастан Бекешов болсо таптакыр эле комментарий берүүдөн баш тартты.

Анын кесиптеши, депутат Анвар Артыков төмөндөгүлөрдү билдирди:

- Мен азырынча эч нерсе дей албайм, адегенде айыптоо менен таанышып чыгышым керек, - дейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маектешүүсүндө.

Эльвира Сурабалдиева гана тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек деди.

- Азырынча бирдеме дегенге эрте. Келгиле иликтөөнүн жыйынтыгын күтө туралы.

Көбүрөөк сүйлөгөн бир гана Чыныбай Турсунбеков болуп чыкты.

- Мен албек Ибраимовдун күнөөлүү эместигин тергөө аныктайт деп ишенем, дейт ал Vesti.kg сайтына.

Эске сала кетсек, Бүгүн Бишкек мэри Албек Ибраимов УКМК кызматкерлдери тарабынан кармалган. Ал Дастан ТНК ААК мүлктөрүн менчиктеп алган жана жерлерди мыйзамсыз сатып, таркаткан деп айыпталууда.

Бакыт Стамов
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх