Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэрин шайлоо күнүн дүйшөмбүдө белгилешет

Боршайком премьерден Албек Ибраимовдун отставкасы тууралуу буйрукту алды

Бишкек мэрин шайлоо күнүн дайындоо үчүн БШК дүйшөмбү күнү чогулат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

- Мэрди отставкага кетирүү тууралуу премьер-министрдин буйругу БШКне келип түштү. Дүйшөмбү күнү комиссия чогулуп шайлоо күнүн аныкташат, - деп белгиледи ал. - Мыйзамга ылайык, шайлоо күнү аныкталгандан кийин, 20 күн убакыт өтүшү керек.  Шайлоо болушу үчүн шаардык кеңештин 30 депутаты катышышы ылазым.

Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыгын жарыя кылып, тийешелүү протоколдорду түзүп жана шайлоо өткөн соң 7 күндөн кечиктирбей ММКга жарыя кылат.

Мэрликке талапкер болууга Бишкек шаардык кеңешиндеги фракциялар укуктуу.

Талапкерлигин койгондон кийин, шайлоого чейинки 5 күндүн ичинде мамлекеттик тилде эркин сүйлөө боюнча экзамен тапшырат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх