Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Урмат Барктабасов: Убагында шашып кеткен экенбиз

Белгилүү олигарх жана «кыялы орундалбаган революционер» өзүнүн учурдагы жашоосу тууралуу айтып берди

Белгилүү миллионер жана болбой калган революционер Урмат Барктабасов Vesti.kg сайтына өзүнүн учурдагы жашоосу тууралуу айтып берди. Бүгүнкү күндө ал Бишкекте жашайт жана өзүн бизнеске арнап салган.

- Мен азыр саясаттан кеткем, кайрылып келгим да келбейт, - дейт ал. - Эл азыр туура чечим кабыл алууга даяр эмес. Убагында биз шашып кеткен экенбиз.

 Ошону менен бирге Барктабасов дагы эле «Мекен-Туу» партиясынын лидери болуп кала бере тургандыгын белгилеп өттү.

 - Биздин партиябыз келе турган Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышпайт окшойт, - деп кошумчалады ал. - Мен өз тарапташтарымды андан көрө бизнеске үгүттөйм.

Эске салсак, Урмат Барктабасов буга чейин эки жолу бийликти күч менен басып алууга аракет кылды деп айыпталган.  2005-жылы июнь айында анын тарапташтары өкмөттүн имаратын басып алышкан, ошонун айынан ага издөө салынып, тополоң уштургандыгы үчүн айыпталган. 2010-жылы президент Курманбек Бакиевди кетиргенден кийин, ал Бишкекти карай бийликти куралдуу басып алууга жөнөгөн. Жыйынтыгында милиция менен кагылышуу болгон.  

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх