Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Албек Ибраимовдун сакчылары ооруканага түшкөн жок

Ал ортодо экс-мэрдин айылдаштары төпөштөлгөн сакчылар ар кандай жаракат алышып ооруканага жатты деп билдиришет

УКМК кызматкерлери эксөмэрди кармаганда төпөштөлүп калды деген Албек Ибраимовдун сакчылары ооруканага түшкөн жок. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Чүй областтык ооруканасынын директору Бакыт Болотбеков билдирди.

- Арашан айылынын тургундары медициналык жардамга кайрылышкан эмес, - деп жооп берди Болотбеков.

Ал аңгыча мурдагы чиновниктин сакчылары ооруканада деген маалыматты Чүй областтык саламаттык сактоо боюнча координатору Бактыгүл Мамытова четке какты.

- Эгерде ошондой окуя болгондо биринчи мага маалымдашмак, бирок мен уккан жокмун, - деп жооп узатты ал Vesti.kg сайтына.

Белгилей кетсек, бүгүн Арашан айылында экс-мэрдин тарапташтары чогулуш өткөрүшөт. Алар журналисттерге Ибраимовду кармоого 30 куралдуу «спецназдар» катышкандыгын айтышты. Бетине бет кап кийип алышып, дарбазаны талкалап, айнек-терезенин баарын бузуп киришти дешет.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, экс-мэрдин жансакчылары ооруканага жатып калышкан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www  
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх