Мэр айылдыктарды УКМК каршы "тирүү калкан" катары колдоном деп коркуткан
Чекисттер Албек Ибраимовду кармоодо эч ким каршылык кылганга үлгүргөн жок деп айтышты
УКМК расмий түрдө билдирет, Албек Ибраимовду Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкерлери кармаганда сакчылардын сабалгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.
Белгилей кетсек, Ибраимовду кармоо ок чыгаруусуз жана атайын каражаттарды колдонуусуз өттү. Ошону менен катар, ал жердегилердин эч кимиси УКМК кызматкерлерине каршылык көрсөтүүгө үлгүрүшкөн жок. Тартылып алынган куралдар ээлерине кайтарылып берилди.
Андан сырткары, эч бир сакчыга физикалык күч колдону болгон эмес, буга ушул окуяга күбө болгон сакчылардын доосунун жоктугу далил.
Эске салабыз, Албек Ибраимов тарабынан курал колдонуу тууралуу жана айылдын элин «тирүү калкан» кылам деген ультиматуму чындык.
УКМК пресс-борбору
Сүрөт www
Окшош макалалар
- Чекисттер Дастан Бекешевдин нааразычылыгына түшүнбөй турушат
- Бишкек шаардык сотунда Албек Ибраимовдун ишин карашат
- Террористтер Кыргызстанга диверсант жиберишкен. Ал азыр тергөө абагында
- Бишкек мэри Албек Ибраимов камалды
- Өкмөт Бишкек шаардык кеңешинин Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин алды. Бирок премьер жок