Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бийлик бюджеттин акчасын өкмөттүк эмес уюмдарга бөлүүсү керекпи?

Укук коргоочу эмне үчүн өкмөттүк эмес уюмдар мамлекеттен каржылоону сурап жатышкандарын түшүндүрдү

Өкмөттүк эмес секторлорду мамлекеттин каржылоосу тууралуу маселени укук коргоочулар кечээги президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жооолугушууда көтөрүштү. Мамлекет бюджеттин тартыштыгын эскертти, бирок мунун үстүнөн «ойлонуп көрүүнү» убада кылды.

Укук коргоочу Мавлян Аскарбеков Vesti.kg сайтына өкмөттүк эмес секторго мамлекеттин кантип жардам кылышы тууралуу айтты.

Кыргызстанда көптөгөн социалдык көйгөйлөр бар, аны эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү Министрлиги чечиши керек эле. Бирок, Аскарбековдун сөзү боюнча ал баарын чече албайт. Анткени менен бул милдетти майнаптуураак чече ала турган уюмдар бар, себеби аларда тажрыйба бар, жана тийешелүү аспаптары да жок эмес.

- Кеп мамлекеттин кээ бир социалдык долбоорлорго жардам берүүсү тууралуу болуп жатат, - дейт ал.  - Мисалы, аз камсыз болгон үй бүлөлөр, интернаттар, карылар үйү. Башкача айтканда мамлекет өзүнүн көйгөйүн ӨЭУ жардамы менен, бирок бюджеттин акчасына бүтүрүү сунушталат.  Мисал катары укук коргоочу Игор Беляевдин кайрымдуулук фондун атап кетти. Уюм балдар үйүнөн чыккан үйсүздөргө жардам кылуу менен алек болот. Анткени алардын баары үйсүз болот.

- Соц. өнүктүрүү Минситрлигинин тапшырмалары көп, бирок анын баарын чечүүгө акыбалы жок, - деп кейийт Аскарбеков. - Анын ордуна бул милдетти сонун аткара турган уюмдар жана фонддор бар.

Белгилүү саясат таануучу, КР КК ардагери Токтогул Какчекеев эгерде алардын иш аракеттеринде мыйзамсыздык жок болсо, анда мамлекет менен өнөктөш болгонунун жамандыгы жок.

- Эгерде алар КР мыйзамынын алкагында иш кылышса, анда эмнеге болбосун - дейт ал Vesti.kg сайтына.

Эске сала кетсек, Vesti.kg сайты Сооронбай Жээнбеков жарандык секторлор менен жоолугушуу

Ольга Федорчук

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх