Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков: Бир эжем жөнөкөй окутуучу, экинчиси - врач

Президент туугандарынын ар бири тууралуу айтып берди

Сооронбай Жээнбеков жарандык сектор менен болгон жоолугушууда анын ишмердүүлүгүнө туугандарын кириштирбейм деди. Бул туурасында Vesti.kg сайтына жарандык активист Адиль Турдукулов билдирди, мамлекет башчы менен болгон жоолугушууга ал да чакырылган болчу.

Активисттин айтымында, президент туугандары тууралуу кеңири баяндап берди.

- Бир эжем мектепте жөнөкөй мугалим болуп иштейт, экинчиси - врач, дагы бирөө анча чоң эмес дүкөн иштетет, - деди президент. - Агам Жусупбек Шарипов Украинада элчи. Асылбек Жээнбеков депутат. Алардын эч кимиси менин ишиме кирише албайт, мен ага жол бербейм.

Андан сырткары, Кыргызстандагы жердешчилик темасына да кайрылды.

- Кимдер мени ушул темага аралаштыгысы келгенин  мен билем, - дегенин цитата келтирди Турдукулов. - Мен ал кишилерди өтө жакшы билем.

Аягында активист жоолугушуунун жүрүшүндө жеке өзү көтөргөн маселеге жооп алды.

- Мен президентке жер үлүштөрүн мыйзамсыз там салууга берилген фактыларына көптөгөн айыл өкмөттөрү катышкан, - деп мисал келтирдим. - Анан мен шайлоо темасы тууралуу кеп козгодум.  Президент мыйзамды шайлоонун алдында өзгөртүүгө болбойт деп өзү айтты. Бул эң жакшы көрсөткүч, анткени бийлик мыйзамды өз кызыкчылыгына иштетпейт дегенди түшүндүрөт бул нерсе.

Мен андан ары шайлоочулардын кайсы бир партияга эмес, дайындуу бир адамдарды шайлашы үчүн түзүлгөн тизме тууралуу айттым. Президент бул сунушту жумушчу топ тактайт деп жооп берди.

Бакыт Стамов
Сүрөт www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх