Оштун жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Ысык-Көл облусунун башчысын дайындашты
Премьер-министр Мухаммедкалый Абыгазиев жарлыкка кол койду
Ош облусунда өкмөттүн жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү. Аймактын башчылыгына Узарбек Жылкыбаевди дайындашты. Бул туурасында Vesti.kg сайтына министрлер кабинетинин пресс-кызматы билдирди.
- Премьер-министр Мухаммедкалй Абылгазиев жарлыкка кол койду. Узарбек Жылкыбаевди кесиптештерине тааныштырышты, - деп маалымдашты өкмөттөн.
Белгилей кетсек, Узарбек Жылкыбаев мурда Ысык-Көл облусунда өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болчу.
Ош облусунун мурунку башчысы Таалайбек Сарыбашевди 28-июлда Ош шаарынын мэри кылып шайлашты.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз