Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаков камакта калат

Жогорку сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды

Бүгүн Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүү өтүнүчүн карады. Бул туурасында  Vesti.kg  сайтына анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, Сапар Исаков тергөө аяктагыча камакта болот.
- Жогорку соттун жыйыны жабык режимде өттү, бул мыйзамдуу эмес, - деп белгилейт юрист.  - Биз мурун жыйын ачык өтсүн деп өтүнүч келтиргенбиз, бирок Жогорку сот мындан мурунку инстанциянын катачылыгын кайталады. Мындай сот коомдогу чыңалууну күчөтөөрү шексиз.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 29-майында Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголуп Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков КР КЖК 303 беренесинин 1 б. (Коррупция) менен айыпталган. 5-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө УКМК тергөө абагына камалган.

13-июлда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх