Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар Данияр Үсөновдун чоо жайын иликтешет

Бул туурасындагы сунушту комитетке Абдывахап Нурбаев киргизүүнү көздөйт

Белорус бизнесмени Даниил Урицкийдин  Кыргызстандын мурунку премьер-министри Данияр Үсөнов экендиги тууралуу кырдаалды ЖК эл аралык, коопсуздук жана коргонуу комитетинде карашат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына комитеттин башчысы депутат Абдывахап Нурбаев айтып берди.

Анын сөзү боюнча, баары күзүндө чечилет. Депутаттар күзүндө каникулдан келишет.
- Биздин Белорусь менен ар түрдүү келишимдерибиз бар, деп белгиледи эл өкүлү. - Бакиевдин качышы менен биздин кээ бир маселелер боюнча маилебиз бузулду. Бирок бүгүнкү күндө жакшыра баштаган болчу, эми минтип Данияр Үсөнов пайда болду. Сентябрда ишке чыкканда карап көрөбүз. Мен бул сунушту сөзсүз комитетке киргизем.

Белгилей кетсек, белорус ММК ЖАК «Белорус Улуттук биотехнологиялык корпорациясынын» директору Даниил Урицкийдин КР мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновго куюп койгондой окшош экендигин жазып чыгышты.

КР тышкы иштер Министрлиги Белоруска Кыргызстандын мурунку премьерин тайтарып берүү талабы менен нота жөнөттү.

Бакыт Стамов
Сүрөт www  

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх