Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөттүн мурунку аппарат башчысы Белорусь менен мамилени үзүүнү сунуш кылат

Талдоочулар бул Кыргызстанга зыяны гана тийет деп каршы болушат

Кыргызстан тезинен Белорусь менен болгон мамилени үзүүсү зарыл. ММКда пайда болгон белоруссиялык ишкер Даниил Урицкийдин Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновго окшош экендиги тууралуу маалыматка Убактылуу өкмңттүн мырдагы аппарат жетекчиси эмилбек Каптагаев ушинтип жооп берди. Ал өзүнүн сунушун фейсбук баракчасына жайгаштырды.


«Кайра тирилген Данияр Үсөнов жана анын Лукашенко тарабынан түзүлгөн ишканага директор болуп шайланышы - бул Кыргыз речпубликасын жана анын элдерин кордоо, - деп жазат посттун автору. - Мунун аркасы ЕАЭБнен чыгууга алып барса, анда муну жасаш керек. Өлкөнүн кадыры арзыбаган кызыкчылыктан өйдө турат».


Каптагаевдин ою боюнча, Кыргызстандын экономикасы Белорусь менен байланышкан эмес. Анын божомолунда, траторду башка мамлекеттерден деле сатып алууга болот, ал эми МАЗдарды капкачан эле андан мыкты автолор ордун баскан.

«Эгерде Белорустан сүт продукциясы келбей калса бул деген кайра жакшы болот, биздин ата-мекендик өндүрүшчүлөргө жол ачылат, - деп улайт ал. ТИМдин жөнөкөй нотасы менен гана чектелип калбашыбыз керек».

Бирок, саясат таануучу Денис Бердаков Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ЕАЭБ чыгуу жана Белорусь менен мамилени үзүү ансыз да кыйын абалда турган карапайым кыргызстандыктар үчүн жаман болот дейт.

- Албетте, бир катар элдер кылмышкер деп эсептеген адамдардын бул өлкөдө болушу жакшы эмес, - дейт ал. - Бирок алар биздин өлкөдөн Кыргыз бийлигинин тымызын макулдугу менен чыгып кетишкен. Анткени ошол учурда убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жарандык согуш чыгып кетпесин деп ушуга барышкан. Ал эми Белоруска болсо инвесторлор керек. Чындыгында бул адамдарга алар жарандыкты сатышкан.

Бердаков Кыргызстандын ЕАЭБде өз кызыкчылыгы бар экендигин эскертти.

- Жок эле дегенде мигранттарыбыздын абалы кыйындайт, - джеп кошучалады ал.  - Эгерде биз баш тартсак, биздин жүз миңдеген жарандарыбыздын жашоосу кыйындайт. Эң жакшы жолу, биздин атайын кызматтар жакшы далилдөөчү базаны даярдап интерполго кайрылышса. Экономикалык кылмышкерлер Белорустан чыкса камалсын деген талапкоюш керек. Анткени мурун атайын кызматтар Максим Бакиевге да жетиштүү далил коё алышкан эмес.


Отставкадагы полковник Кубаныч Сарыбаев да качкын кылмышкерлердин айынан ЕАЭБден чыгып кетишибизден күмөн санайт.

- Данияр Үсөнов чет мамлекетке соттон качып кеткен жалгыз эмес экендигин эске алышыбыз керек, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Анда эмне үчүн Түркия, Орусия  жана Улуу Британия менен алаканы бузушпайт?  Кыргызстандын ИДП сы Белорустукунан ондогон эсе аз. Биздин товарыбыздын эч кимге кереги жок, ошондуктан өндүрүштүн чоң көлөмү жок. Ооба, ЕАЭБ чыгып кетсек болот, бирок ал бизге эмне берет? Чынын айтканда биздин өлкө биздин мигранттардын аркасы менен жашап жатат.


Мурдараак Белорусь ММК КР мурунку премьер-министри Данияр Үсөнов өмүр бою соттолуп жана издөөдө жүрөт. Ал азыр аты жөнүн өзгөртүп, Даниил Урицкий болуп Белоруста жашап жатат. Бул жерде ал ЖАК «Белорус улуттук биотехникалык корпорациясын жетектейт, - деп жазышкан эле.

Бул корпорацияны 2016-жылы Лукашенко негиздеген. Долбоор Кытай менен бирдикте ишке ашып жатат.

Чет элдик ММКда өндүрүштүн ачылышы тууралуу сүрөттөр пайда болгон. Даниил Урицкий деген эме Данияр Үсөновго куюп койгондой окшош.


Кыргызстандын ТИМ  Бишкектеги Белорусь иши боюнча ишенимдүү адамы Сергей ивановду чакырыпнотаны берип жиберишти. Анда Кыргызстандын Данияр Үсөновдун Белоруста туруусуна нааразычылыгы бар болчу.

Айтмакчы, Данияр Үсөновдун мурунку аялы да сүрөттөгү киши мурунку премьер-министр экендигин ММКга тактап берди. Бирок анын мурдагы аялы 2010-жылдан бери көрө элек болчу.

Эске сала кетебиз, каныкулдан кийин депутаттар Данияр Үсөновдун маселесин тийиштүү комитеттер карайбыз деп  Vesti.kg сайтына билдиришкен эле.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх