Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектиктер мэрди шайлоо күнү Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларынын каракчыларын өрттөөнү көздөшөт

Ал арада укук коргоочулар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясын сотко берүүнү көздөп жатышат

Эгерде БШК мэрликке Азиз Суракматовдун талапкерлигин алып салбаса, Бишкектиктер шаардык кеңештин фракцияларынын каракчыларын өрттөөнү ойлоп жатышат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына укук коргоочу Калича  Умуралиева айтып берди.

Анын айтымында, бүгүн борбордо флешмоб өтөт, ал жакка көкүрөгүндө фракциялардын аты жазылган каракчыларды алып келишет.

- Акциянын демилгечилери - жарандар өздөрү, - дейт  Умуралиева. - Бүгүн саат 15:00 болот.  
- Инициаторы акции - сами граждане, - говорит   

Боршайкомдо жыйын башталат. Эгерде БШК бишкек аймактык комиссиясынын чечимин жокко чыгарса каракчыларды өрттөбөйбүз. Эгерде калтыра турган болсо 8-августта мэриянын имаратынын алдына алпарып өрттөйбүз.

Ошондой эле активист Суракматовду талапкер катары каттоо боюнча сотко берише тургандыгын кошумчалады.

- Эгерде баары күчүндө калтырылса, анда биз сот беребиз. Анткени каттоо азыркы мыйзамды бузуу менен өткөн.

Эске сала кетсек, Суракматовдун талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.


Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх