Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ырчы Эл аралык медициналык университеттин ректору болуп калдыбы?

Окуу жайдын өзүндөгүлөр болсо эмгек өргүүсүнөн кийин суроого жооп беребиз деп убада кылышты

Белгилүү ырчы жана комузчу роза Аманова Эл аралык медициналык университеттин ректору болуп калды. Бул туурасында nazarnews.kg.сайты билдирет.

Соц тармактын колдонуучулары таң калуу менен буларды айтышат: «Кантип эле Кыргызстандын врачтары эми артисттен сабак алышат?», - деп жазат басылма.  

Vesti.kg сайты маалыматты тактоо үчүн окуу жайына комментарий алууга кайрылды. Ал жактагылар комментарий берүүдөн баш тартышты.

- Азыр администрация эмгек өргүүсүндө, биз 25-августтан кийин гана бир нерсе деп жооп бере алабыз, - дешти ЭМУ пресс-кызматы.

Ал ортодо КР адилет Министрлигинин сайтында бул медициналык окуу жайдын жетекчилигине Роза Аманованын аты көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, тармактагы Кыргыз Республикасынын артисткасы Роза Аманованын биографиясында, анын орто мектепти аяктаган соң Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөндүгү жана Улуттук консерваторияны бүткөндүгү гана көрсөтүлгөн. Медициналык билими тууралуу маалымат жок.

Ал убагында «Манас» университетиндеги консерваторияны башкарган.  Ошондой эле Аманова бул орунга күйөөсү экс-премьер-министр жана учурдагы ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевдин аркасы менен келгендиги да белгилүү.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх