Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азиз Суракматов Бишкектин мэри болуп калды

43 депутат «Макул» деп добуш беришти, бирөө каршы болду

Азиз Суракматовду Бишкектин мэри кылып шайлашты. Анын талапкерлигин 43 депутат колдоп, бирөө каршы болду.
 
Шаар башчылык орунга бир эле Суракматов ат салды. Анын талапкерлигин Бишкек шаар кеңешинин көпчүлүк коалициясы алып чыкты.

Азиз Суракматов 28-июлда АШК документтерин тапшырган. 31-июлда болсо ал мамлекеттик тилден экзамен тапшырган.

Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөтүү коомдук резонанс жаратты. Укук коргочулар аны мыйзамсыз курулуштары үчүн айыпташты жана анын талапкерлигин алып таштоону БШК өтүнүштү.

Активисттер Суракматовду мэрликке шайлоону токтотуу жана шаардык кеңешти таркатуу талабы менен Бишкек мэриясынын алдында митинг кылып турушат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх