Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөттү жана мамлекеттик тил боюнча Комиссияны Суракматовдун айынан сотко беришти

Мэрликке талапкердин мамлекеттик тил боюнча экзамендик ишинин жыйынтыгы кайрылууга себеп болду

Журналист Канышай Мамыркулова Биринчи май райондук сотуна КР өкмөтүнүн, мамлекеттик тил Комиссиясынын, Кыргызтесттин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын үстүнөн доо арыз менен кайрылды. Vesti.kg сайтына бул тууралу ал өзү билдирди.

Мамыркулованын сөзү боюнча, кайрылууга Суракматовдун мамлекеттик тилден тапшырган экзамени себеп болду.

- Суракматовдун бул экзаменди кандай таршыргандыгына биз баарыбыз күбө болдук, - дейт ал.  - Анын өтө одоно каталарды кетиргенине карабастан комиссия канааттандыраарлык деген баа койду. Биз сот жараяны аркылуу мамлекеттик тил комиссиясы мыйзамсыз иштегендигин көрсөтүп берүүгө ниеттенип жатабыз.

Эске салсак, 31-июлда мэрликке талапкер Азиз Суракматов мамлекеттик тилден экзамен тапшырган.

Тестирлөө учурунда Суракматов өзүнүн шайлоо алдындагы программасын кыргызча сүрөттөп, анда беш одоно ката кетирген. экзамендин жыйынтыгында комиссия Азиз Суракматовду кыргыз тилин билет деп бүтүм чыгарган.

Бүгүн болсо ошол Азиз Суракматовду Бишкек шаарынын мэри кылып көпчүлүк добуш менен шаар кеңешинин депутаттары шайлап алышты.

Бакыт Стамов
Шамил Жалилов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх