Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азиз Суракматов расмий түрдө мэр болду

Жакында ага шаар башчынын күбөлүгүн беришет

Кыргызстандын борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыгы боюнча протоколду жана Бишкек мерин шайлоодогу жыйынтыктарды бектитти. Бул тууралуу мекеменин пресс-кызматы билдирди.

- Бишкек мэрин шайлоо өттү деп эсептелип, мэр болуп Суракматов Азиз Эмилбекович шайланды, - деп айтылат билдирүүдө.         

Ордо калаанын мэри кызматына бир гана талапкер катталган - шаардык кеңештин коалициялык көпчүлүгү ошондой деп чечкен.

Шайлоонун жүрүшүндө Азиз Суракматовдун талапкерлигине 43 депутат макул деп добуш берип, бирөө каршы болгон.

- Бишкек шаарына шайланган мэр Кыргыз Республикасынын «Борбор шаардын макамы» тууралуу мыйзамынын талабына жооп берет, - деп аяктады БШК. - Шайланган мэрге күбөлүк тапшыруу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жүктөлдү.

Эске салсак, мэрди шайлоо 2018-жылы 8-августта болду.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Сүрөт www

    


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх