Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот журналисттин өкмөткө жана мамлекеттик тил комиссиясына койгон доо арызын кабыл алган жок

Биринчи май райондук соту өзүнүн мындай чеимин жарандык-процессуалдык кодекс менен түшүндүрөт

Биринчи май райондук соту журналист Канышай Мамыркулованын Кыргыз өкмөтүнө, мамлекеттик тил комиссиясына, Кыргызтестке жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына карата жазган арызын кароодон баш тартты. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

Журналисттин айтымында, соттогулар ага бул маселе боюнча райондор аралык сотко кайрылып көрүүнү сунушташты.

- Биринчи май райондук соту өзүнүн мындай чечимин жарандык-процессуалдык кодекс менен түшүндүрөт. Ал 2017-жылы 1-июлда кабыл алынган, - дейт ал.
- 138-беренеге ылайык бул маселени райондор аралык сот караша керек. Бирок менин шегим бар бул тууралуу. Биздин арызыбыздын мааниси аймактык комиссиянын жана мамлекеттик тил комиссиясынын өкмөттүн токтомун аткарбай жаткандыгында болуп жатпайбы. Ушул себептүү биз Биринчи май райсотуна кайрылган элек. Албетте, мен бул кырдаалда кандай аракет кылышым керектиги тууралуу юристтер менен кеңешем. райондор аралык сотко кайрылабыз же Биринчи май райондук сотунда арызданууну улантабыз.

Эске салсак, мурда журналист Канышай Мамыркулова Vesti.kg сайтына Кыргыз өкмөтүн, мамлекеттик тил комиссиясын, Кыргызтестти жана Бишкек АШК  Биринчи май райсотуна бергендигин айткан болчу. Анын сөзү боюнча, буга себеп Азиз Суракматовдун мамлекеттик тилден берген экзаменинин жыйынтыгы болгон.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх