Жогорку сот Албек Ибраимовдун ишин карайт
Бишкектин мурдагы мэринин жактоочулары аны камактан бошотууну суранышат
Жогорку сот Бишкектин экс-мэринин жактоочуларынын бөгөт коюу чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн карап көрөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДПнын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.
- Ишти эртең саат 11:00 крашат, коргоочу тарап Албек Ибраимовду камактан чыгаруу өтүнүчүн келтиришет, - деп маалымдайт ал.
Мурдараак Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган болчу.
Эске салсак, Албек Ибраимов КР КК 166- беренеси менен айыпталууда «Алдамчылык».
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз