Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдун шаар кеңеши мэр Данияр Арпачиевдин отчетун кайрадан карайт

Биринчи жолкусунда депутаттардын чечимин премьер-министр четке каккан болчу

Каракол шаардык кеңеши Караколдун мэри Данияр Арпачиевдин ишмердүүлүгүн кайрадан карап чыгышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына шаардык кеңештин депутаты Фархад Алжанбаев билдирди.

Анын айтымында, депутаттар каникул бүтөөрү менен эле мэрдин отчетун карашат.

- Премьер-министр Каракол шаардык кеңешинин депутаттарынын чечими менен макул болгон жок, - деди ал. - Ошондуктан биз мыйзам боюнча Данияр Арпачиевдин отчетун кайрадан карашыбыз керек.

Эске салсак, ушул жылдын 1-августунда Караколдун шаардык кеңеши Караколдун мэри Данияр Арпачиевге ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Каржылык каражаттарды максатсыз падалануу ага негиз болгон.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх