Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Сатыбалдиев дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Ооруканага жаткырылбайт

Ошентсе да, укук коргочулардын маалыматы боюнча, экс-премьер жүрөгү ооруганын айтат

Мурдагы премьер-министр жантөрө Сатыбалдиевди кардиологияга жаткырууга туура келет. Бул туурасында ММКтары билдирет.

Кээ бир маалыматтарга караганда, камалган экс-премьер бул маселени чечүү үчүн кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборго кайрылды.

Сатыбалдиевдин маал-маалы менен жүрөгү кармап жатат экен. Андан сырткары, мындан бир нече жыл илгери ал инфаркт болгон.

Бирок, УКМК пресс-катчысы Рахат Сулайманов Vesti.kg сайтына экс-премьер өзү жакшы сезип жатат деп билдирди.

- Жантөрө Сатыбалдиев УКМК тергөө абагынын санитардык бөлүгүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Саламаттыгы канаааттандыраарлык, деп кошумчалады Сулайманов.

Эске салсак, Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБ модернизациясындагы коррупция фактысы менен камалган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх