Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров кайрадан ачкачылык жарыялашты

Бул жолкусунда камалган оппозициячылар тамактан баш тартышты, бирок суу ичип жатышат

Камактагы оппозициячылар Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров кайрадан ачкачылык жарыялашты. Бул жолкусунда суу гана ичишет деп билдирди Зульфия Марат.

Анын маалыматы боюнча, жактоочулар ушул убакка чейин Жогорку соттун 2018-жылдын 7-июнундагы чечимин колдоруна алыша элек.

- КР ЖС курьери дагы эле 2018-жылдын 7- июнундагы чечимди №47 колонияга саясий камактагы Кадыров менен Асановго алып келип беришкен эмес. Алар Атамбаевчил соттордун жалган жалаасы менен камалган, азыр ачакачылык жарыялап жатышат, - деп маалымдады ал.  

Ошондой эле, алар Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын отставкасын талап кылышкандаган
кошумчалады укук коргоочу.
- Алардын талабы - КР ЖС төрайымы жана КР ЖС үч сотунун отставкасы, анткени аларды 8 жылга мыйызамсыз эркинен ажыратышты, - деп жазат Зульфия Марат.

Белгилей кетү нерсе, Vesti.kg сайтына саясий камактагыларды коргоо Комитетиндегилер Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык жарыялоону көздөп жатышат деп билдиришти.

Эске салсак, мындан мурда Эрнест карыбеков, Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асановдор ачкачылык жарыялашып, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылышкан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх