Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Анара Мамбеталиеванын Мамэкотехинспекциядагы коррупция тууралуу арызын карайт

Бирок бул үчүн Мамбеталиева расмий кайрылышы керек

УКМК Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиеванын мекемедеги коррупция тууралуу арызын карайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

- Эгерде Мамбеталиева бизге арыз менен кайрылса, анда УКМК аны сөзсүз түрдө карайт, - деп белгиледи ал.

Түшүндүрө кетели, Анара Мамбеталиеваны Мамэкотехинспекциядан коррупцияга каршы жалгыз пикетке чыкканы үчүн бошотушкан. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы фейсбук баракчасынан билдирген.

 Sputnik.kg сайтынын кабарчысына иштен бошотулган кызматкер баарын айтып берген. Анын бир нече кесиптештери коррупциялык схемага кириптер экендигине анын видеодалилдери бар. Андан сырткары, ага күч колдонобуз деп коркутушкан.
Мамлекеттик кызматкер эгерде анын коопсуздугун камсыздашса, бардык коррупционерлердин атын атайм деген.

Өз кезегинде инспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев ал кызды 15-августта иштен бошотушкан деп ММКга тастыктап айтты. Анын айтымында, ал кызды иштен бошотууга кудум ошол пикетке чыгуусу себеп болгон. Анткени мамлекеттик кызматкер митингге чыгууга укугу жок.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх