Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

««Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууну менчик компанияга берүү - бул тобокелчилик»

Долбоорду мамлекеттин күчү менен ишке ашырууга болот деген пикирлер бар

«Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу концепциясын менчик компанияга берүүнүн кооптуу жагдайлары бар. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев бөлүштү.

- Булбооор өзүнө өтө чоң маалыматты камтыйт, - деп билдирди ал. - Аны жеке менчик компанияларга берүүгө болбойт, анын үстүнө ал чет элдик компания. Ал долбоордо жеке маалыматтар камтылган. - «Акылдуу шаар»  - бул анык киреше түшө турган булак. Эгерде аны жеке компания ала турган болсо, акчанын баары бюджетти кыйгап өтөт.
Кайрат медербекович мындай тажрыйбага Кыргызстан ээ экендигин эскертип өттү.  

- Эгерде долбоорду ИИМ ишке ашыра албаса, анда «Кыргызтелекомду» тартуу керек. Ошондо гана боло турган кооптонууларды азайтууга мүмкүн болот, - деди Осмоналиев. - Ооба, бул долбоордун кеңири алкакта экендиги калетсиз, бирок муну көчмө долбоор түрүндө кылып Токмок жана Кара-Балта сыяктуу кичи шаарлардан баштасак болмок. Бардык жетишпеген жактарын, ктачыоыктарын анализдеп бүтүп , анан бардык өлкөгө жайылтуу зарыл. Бизде муну ишке ашырууга акча жок дешет, бирок ошол эле учурда ЭКККМК рапорт берип жатат го, коррупционерлерден акчаны кайтарып жатабыз деп. Атайын эсепте 150 млн. сом, ал эми келтирилген зыяндар миллиарддап саналат. Эгерде бул акчаларды кайтарып алсак, анда жеке компанияларсыз эле бул долбоорду ишке ашырып алабыз.

Ал бул идеянын жакшы экендигин айтты, бирок башка тармакта болсо болмок дейт.

- Мамлекеттик-жеке ишкана шаардын түзүлүшү менен иштейт, мисалга, өлкөнүн коопсуздугуна таасир берүүчү маалыматтар менен эмес бирок. Мен бул өлкөнүн жараны катары айтаарым, «Акылдуу шаар» долбоорун мамлекеттин күчү менен гана ишке ашыруу керек, - деп аяктады ал.  
Эске сала кетсек, маалыматтык технология жана байланыш Мамлекеттик комитети «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууда бюджеттен бир тыйын коротпойбуз деген.
Долбоордун акыркы баасын онлайн-аукцион аркылуу аныкташмак болгон. Ал бүгүн болмок. Баштапкы баасы 2 млрд. 552 млн. 240 сом өлчөмүндө аныкталган.
 
Аукциондун жеңүүчүсү болгон жалдануучулардан айып пулдардын жана онлайн-аукциондун эсебинен кутулушмакчы.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх