Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбековдон коопсуздук Кеңешин атайын чогулушка чакырууну суранышат

Активисттер 10-15 жыл аралыгында кыйроого учурай турган билим берүү системасындагы көйгөйгө көңүл бууруну сунуш кылышат

Бүгүн КР президенти Сооронбай Жээнбековго Булан институту кайрылуу жасады. Документте мектеп билим берүү системасындагы топтолгон көйгөйлөр тууралуу айтылат. Ошондой эле мугалимдердин социалдык макамын жогорулатууну жана бул көйгөйдү кечиктирбей тез чечүү маселесин коюшту.

Булан институтунун кайрылуусу өзүнө билим берүүнүн сапатынын төмөндүгүн, мектептердеги коррупциялык көрүнүштөр, мушалимдердин айлык акылары жана социалдык абалдарын камтыйт.

Булан институту билим берүүнүн акыбалы оор экендигин жана 10-15 жыл аралыгында кыйроого учураарын белгилейт. Ошондуктан бул институт президентке кайрылып, андан коопсуздук Кеңешинин мектеп маселесине байланыштуу чогушука чакыруусун суранышат. Мамлекеттен бул маселени кечиктирбей чечүү маселесин талап кылышат.
   

Сүрөт www







Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх