Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Аскер кызматкерлери көп жылдар бою эмгекчилердин ден соолук Фондунан жолдомо алышкан эмес, бирок акча которулуп турган»

Мамлекеттик комитеттин коргонуу иштери боюнча коомдук кеңеши кесиптик бирикме Федерациясынын ишине нааразы

Мамлекеттик комитеттин коргонуу иши боюнча коомдук кеңеши кесиптик бирикме Федерациясына нааразы, анткени кесиптик бирикме Федерациясы ден соолук Фондунун каражаттарын максатсыз жок кылып жатышат. Аталган комитеттин төрагасы Анвар Сартаевдин Vesti.kg сайтына айтып берүүсүнө караганда, аскер кызматкерлери бул фонддон көп жылдан бери жолдомо алышкан эмес, бирок акча такай которулуп турган.

- «Мамлекеттик социалдык камсыздоо боюнча камсыздандыруу акысы тууралуу» мыйзамына ылайык бардык иш берүүчүлөр 0,25 пайызды эмгекчилердин ден соолук Фондуна которот. 2010-жылы 27-майда Убактылуу өкмөттүн токтому менен аталган фонддун каражаттарын кесиптик бирикме Федерациясы тескөөгө укуктуу орган болуп дайындалган, - деп түшүндүрдү Анвар Айдарович.

Азыр болсо бардык иштеген жарандар жана алардын үй бүлөлөрү жолдомо алууга акылуу болчу, бирокаскер кыматкерлери тийешелүү санаториялык-курорттук дарылоону ала алышкан жок. Мен коргонуу иши боюнча Мамлекеттик комитеттин жетекчилигине которулган акчанын суммасы тууралуу суроо салдым, бирок мага былтыркы гана маалыматтарды беришти. Ал жерде болсо фондго 664,3 миң сом которулгандыгы тууралуу көрсөтүлгөн. Ошондо мекеменин пансионатында 50 аскер кызматкери 10 күндөн эс алуулары керек болчу!

Сартаев Эсептөө палатасы 2015-жылы кесиптик бирикме Федерациясынын ишин текшерүү үчүн аудит жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.

- Текшерүүнүн жыйынтыгында фонддун каражаттарын максатсыз падалануу аныкталган, - деп тактады ал. - Кесиптик бирикме Федерациясы бул каражаттарды жолдомого жумшоонун ордуна аталган фондго таптакыр тийешеси жок штаттык бирдиктерди кармап турушкан. Фонддун жетекчиси Гульнара Абдыбекова менен байланышалы деген аракетибиз оңунан чыккан жок.

Белгилей кетели, эмгекчилердин ден соолук Фондун жоюу маселеси мамлекеттик деңгээлде жана жарандык коомдо бир нече жолу талкууланган. 2012-жылы Соцфонд аталган фондду мамлекеттик социалдык камсыздоо системасынан чыгаруу демилгесин көтөргөн. Бирок өкмөт бул долбоорду кайра артка чакыртып алган.
2015-жылы депутат Дастан Бекешев бул аталган фондду мыйзам чегинде жоюуну сунуш кылган.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх