Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын мурунку төрагасына издөө жарыяланды

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Адамкул Жунусовдун коррупциялык иш аракеттеринен мамлекетке келтирилген зыян 166 млн. сомду түзгөн. Аны сыртынан камакка алышты

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовго 28-августта издөө жарыяланды. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынын билдиргенине караганда, ал КР КК 304- беренеси менен (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) айыпталууда.  

Белгилүү болгондой 2013-2016 жылдары ал КР Бажы кызматынын башчысы болуп туруп ЖЧК «А» менен туруктуу коррупциялык байланыш түзгөн.

Жунусов кызматтык ыйгарым укугунун аркасы менен «А»  ЖЧК туура эмес идентификациялык ыкма менен бажы аймагында жасалган төлөмдөр боюнча бажы артыкчылык алган, бул компания Кыргыз Республикасынын бюджетине кире турган төлөмдөрдү бербей турган. Бул коом алып кирген товарлар  «Импорт 40» режиминде катталышы керек болчу. Ушундай жол менен мыйзамсыз иштердин аркасында мамлекетке 166 миллион сом зыян келтирилген.

Азыркы учурда Жунусов тергөө органдарынан качып жүрөт.

2018-жылы 18-августта Жунусовго сыртынан КР КК 304-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп айып тагылган. Сыртынан камакка алуу тууралуу бөгөт коюу чарасы көрүлгөн.

ЭКККМК маалымат кызматы

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх