Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орто Азияда шенгендик визанын аналогу пайда болушу мүмкүн

Бул Кыргызстанга жана коңшу мамлекеттерге кандай таасирин берет?

Орто Азияда жакында шенгендик визанын аналогу пайда болушу мүмкүн. Мында сунушту казак сенатору, эл аралык мамиле, коргонуу жана коопсуздук боюнча Комитеттин төрайымы Дарига Назарбаева киргизди.

Анын айтымында, мындай Silk-виза борборазия аймагына алыскы чет элдик туристтердин келүүсүнө өбөлгө түзөт.

Анын сөзүн бардык коңшу мамлекеттердин ММКлары басып чыгарышты. Бул статьяга комментарий жазгандар бул  жакшы ой экендигин айтышат. Мунун таң кала турган эч нерсеси жок: Орто Азия мамлекеттеринин туристтик потенциалы жыл сайын өсүүдө. Бир гана туризм менен чектелишпей башка да тармактар жыл сайын жогорулоодо. Бирок биргелешип иштөөгө бул мамлекеттердин ортосундагы жакындаштыруучу жагдайлар болбосо жогорудагы сунуш айтылмак эмес да. Ал мамлекеттердин ортосундагы бир эле экономикалык суроо-талаптын негизинде келип чыккан маселе эмес.
Орто Азия мамлекеттери - бул баарынан мурдаокшош маданият, каада-салт жана тил. Бири бири менен жалпы тилде келишип кетүүгө албетте мүмкүн. Туризм - бул кызматташтыктын  бир багыты, бирок эң негизги эмес. Күчтөрдү бириктирүү борборазиялык мамлекеттердир ар бирине керектүү нерсе. Баарынан мурда каржылык негизде эмес, коопсуздук үчүн биригүү оңтойлуу. анын үстүнө азыр диний экстремизмге каршы күрөш бул аймакта актуалдуулукка айланып баратат.

Ошону менен катар эле Афганистандан келчү наркотрафик менен күрөшүү. бул көйгөйдү биргелешип гана чечүүгө мүмкүн. Бул иште бир мамлекеттин катардан чыгып кетүүсү да ишти оорлотот.

Жалпы максатка бирдиктүү аракет кылуу гана аймактын тынчтышгын сактап калат. Орто Азияда 70 миллиондук рынок бар экендигин да унутпоо керек. Мисалга, Бишкек менен Астана ортодогу товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин жеткирүүнү көздөп жатышат. Ал эми Кыргызстан менен Өзбекстандын  товар жүгүртүүсү 2016-жылы 169 миллион долларды түздү. Ушул жылдын аягына чейин мамлекеттер бул көрсөткүчтү жарым миллиардга чейин жеткирүүнү көздөп жатышат. Өзбекстан болсо  Орто Азиядагы чек ара кызматташтыгын сунуш кылып жатат. Бир мисал: Ташкент каракүл жана тери тармагын кабыл алды, бул ортоазиялык базарлар үчүн каралып жаткан тармак да бул. Мамлекеттер акырындык менен чек араларын ачып жарандардын иштерин жеңилдетип жатышат.
Ушул жылдын март айында астанада Орто Азия мамлекеттеринин кеңешме жоолугуусу болду. Жоолугушууга Кыргызстандын, Тажикстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын президенттери катышты. Жоолугушууда президенттер Орто Азия бир гана географиялык, геосаясий жактан эмес, маданий - цивилизациялык алкак деп жарыя кылышты.

Бул кызматташтыктын маанилүү бөлүгү өлкөлөрдүн транспорт-коммуникация саясаты болуп саналды. Бул жоолугушууда мамлекеттер чек ара маселелерин чечишти, анткени ал көп жылдардан бери чечилбей келаткан болчу. Өзбекстан менен Кыргызстан чегаранын 85% келишип чечүүгө жетишти.

Шавкат Мирзиёев бул жоолугушууда кесиптештерине тез-тез жоолугуп турууну сунуштады. Бул ойду калган лидерлер кубатташты. Кийинки жоолугушуу 2019-жылы Ташкентте болот. Айтмакчы Мирзиёев мындай саммит өткөрүү демигесин көтөрү чыкты. Ал бул тууралуу 2017-жылы БУУнун ассамблеясында билдирген болчу. Ал өзүнүн Өзбекстандын президенттигине келген биринси күнүнөн баштап эле коңшулар менен достукту чыңдоо саясатына өткөндүгүн айткан эле.

Аймактык көйгөйлөр Институтунун директору Дмитрий Журавлёв тажик ММКсына берген интервьюсунда Орто Азия мамлекеттери эми «Баары бирөө үчүн, баардыгы бирөө үчүн» деген принцип менен жашашат, антпесе болбой калды деген.

БУУнун эксперттери акыркы он жылда борборазиялык мамлекеттердин ИДП 6,2 пайызды түзгөн, ал эми башка бүтүн дүйнө боюнча 2, 6 пайыз болуп жаткан чак болчу. Товар жүгүртүүнүн тез өскөндүгү байкалат, 1,6 миллиарддан 3,1 миллиардга өскөн.
Мамлекет башчылары транзиттик потенциалга да көңүл бурушат, жол-транспорт инфраструктурасына өзгөчө көңүл буруп жатышат. Ушул жерден Казак президенти көйгөйдү биргелешип чечүүнү сунуш кылды. Эч кандай саясий соодалашууга барбай, биринчи максат зарылчылыкты жоюу гана болсун деди. Мына ушундай учурда күчтөрүбүздү бириктирсек натыжа оң жагында болот деди мамлекет башчы. Күн тартибинде Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын ортосунда суу маселеси турду. Мына ушул жердеги ар кандай талаш-тартыш мамлекеттердин экономикасына сокку урушу мүмкүн. Алгач жарандардын жакшы жашоосун талкуулоодон мурун суу маселесин чечип алуу зарыл. Бул жерде мамлекет башчылардын саясий эрктүүлүг маселени чечет. Чамасы ортоазия мамлекеттери бардыгынын кызыкчылыгын эске алып бир тилде сүйлөө чечимине келишти окшойт.

Эльвира Алабина
Сүрөт www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх