Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан демократияга карай олуттуу өнүгүүгө жетишти

Президенттин аппаратынын өкүлү биздин өлкө ОБСЕнин адам укугун корогоону жакшыртууга багытталган демилгелерин колдойт деп билдирди

Кыргызстандан демократияга карай олуттуу жылыштарга жетишти. Бул туурасында кечээ Варшавада өткөн ОБСЕнин жыйынында Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын бөлүм башчысы Мира Карыбаева билдирди. Карыбаева бүгүн Кыргызстан парламенттик демократиянын өнүгүү процессинде баратат, улуттук мыйзамдар эл аралык укук нормалары менен шайкеш келип, сот жана укук коргоо системаларында реформа жүрүп жаткандыгын белгиледи.            

Ошондой эле Кыргыз Республикасы ңзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарып жана ОБСЕнин адам укуктарын коргоону жакшыртуу демилгесин колдойт деп баса белгиледи.                                                
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы Варшавадагы ОБСЕнин адам өлчөмдөрү тууралуу жыйынына катышып жатат, жыйын 10 - 21 сентябрга чейин болот.

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх