Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстанда туризм өз агымы менен эле кетип жатат, аны көзөмөлгө алуу керек»

Эксперт өкмөттүн жаңы мекеме түзүү керек деген оюн колдоду

Кыргызстанда туризм агентствосун түзүүнү чечишкендери - бул жакшы нерсе, муну алда качан эле түзүш керек болчу. Мындай оюн Vesti.kg сайтына мурдагы туризм Департаментинин башчысы, туризм маркетинги боюнча эксперт Максат Чакиев билдирди.

- Биздин өлкөдө туризм өз нугу менен эле кетип жатат, аны көзөмөлгө алган эч ким жок, - дейт ал. - Ушул убакка чейин бул нерсе жакшы болчу - бизнести өнүктүрүү да жеңил эле. Бирок эми мамлекеттик орган керек. Көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын текшерүү зарыл. Ал эми Департаменттин болсо мындай укугу жок.

Чакиев туризмди өнүктүрүүнүн мындай жолун Турцияда колдонушканын белгилеп кетти.

- Биздин курортторду көпчүлүк учурда түрктөрдүкү менен салыштырышат, - деп эске салды ал. Ал жакта да бир канча убакытка чейин мамлекет туризмди көзөмөлгө алган эмес, кийинчерээк туризм министрлигин түзүшкөн. Бул оң натыйжасын берген. Биздин өлкөдө көптөгөн отелдер, эс алуу үйлөрү бар, бирок алардын туристтерди тейлөө сапатын эч ким текшербейт. Башкача айтканда өрт чыга турган болсо ӨКМне, бир нерсе уурдалса милицияга гана кайрылышат. Бирок пансионатта бирөө сизди ыза кылса, же жаман шарттары болсо эч кимге арыздана албайсыз. Бул кызматты туризм Агентствосу өзүнө алуусу керек.

Максат Жолдошбекович  бул мекеме улуттук паркты жана башка эс алуучу жайларды да көзөмөлгө алат деп ишенет.

- Биздин Манас ордо сыяктуу маданий обьектилерибиз бар, бирок алар үчүн кимдир бирөө жоопкерчиликти алуу керек да. Кесиптик бирикме Федерациясынын эс алуу үйлөрү бар, абалдары үрөй учураарлык. Аларды да колго алуу зарыл. Агентство мын ушул сыяктуу обьектилерди башкарып, түшкөн пайданын бир бөлүгүн бюджетке төгүп, калганын туризмди өнүктүрүүгө калтырса болмок, - деп сөзүн аяктады ал.

Эске салсак, мурда вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстанда туризм Агентствосу түзүлөт деп билдирген болчу. Ал эми азыркы маданият Министрлигинин алдындагы департамент жоюлат.

Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх