Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Жантөрө Сатыбалдиевди ооруканага чыгаруу маселесин карашат

Экс-премьер жүрөк оорусуна даттанат, ал көптөн бери ооруйт

Мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев коррупция боюнча айыпталып, УКМК тергөө абагында жатат. Учурда ооруканага чыгууга муктаж. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына кыйноолордун алдын алуу Улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирет.

Анын айтымында, Жантөрө Сатыбалдиев жүрөк оорусунан кыйналып келет, ошондуктан ал дарылануусу зарыл.

- Анын жүрөгүн биздин борбордун кардиологу текшерген, аны ооруканага жаткырбаса болбойт. Тийешелүү документтерди, тактамаларды жана туугандарынын кайрылууларын биз УКМКга жибердик. Алар азыр биздин арызыбызды карап жатышат, - деп маалымдады Сулайманов.

Эскен сала кетели, Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБ модернизациясындагы коррупцияга айыпталып 2018-жылдын 20-июнунда кармалган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх