Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК диктофонду скотч менен чаптап, айылдык ыкмага салышы мүмкүнбү?

Атайын кызматтын генералдары бул чекисттердин колунан келген иш эмес дешет. Ал ортодо улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитети укук коргоочуларды «тыңшоо» жаңжалы боюнча иликтөө менен алек болду

Кыргызстандын укук коргоочусу жана БШК мүчөсү Гульнара Журабаевны борбор шаардын бир кафесиндеги столдун астына тыңшоочу жабдуу койгондугу кеңири резонанс жаратты. Бул ишке атайын кызматтын тийешеси бардыгы шек жаратты. Анткени техниканын жетишкен убактысында эски диктофонду чекисттер коюп коймок беле деген да ойлор туулду.

Эске сала кетсек, Гульнара Журабаева тыңшоочу аппаратты кокусунан таап алгандыгын айтып берди, «шпиондук техника» скотч менен начар чапталгандыктан жерге түшүп кеткен.  

 УКМК кызматкерлеринин катышы бар деген версиялар да чыкты.

- Мындай учурда бир нерсе дешке да кыйын, атайын кызматпы, жеке агенттикпи же кызыкдар болгон бир кишилерби? - дейт  Vesti.kg  сайты менен болгон маегинде УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбеков. - Бирок азыркы техниканын жетишкен заманында бул эскирген аппараттарды атайын кызмат колдонбосо керек. Анткени аларда аралыктан уга турган атайын аппараттары бар.

Артур Капарович бул кафедеги окуя жөн эле провакация болушу мүмкүн деп ишенет. - Ал эми скотч менен чапталган механизм атайын кызматтын жөнд-мдүүлүгүн кемсинте турган нерсе. Бирок бул кандайдыр бир ошол органдагы жеке адамдардын кызыгуусу болушу да мүмкүн экендигин унутпоо керек. Маалымат топтоп алып шантаж кылууга даярданып жүргөн бирөө болушу да мүмкүн. Ошондуктан иликтөө жүргүзүү керек.

Ал эми Марат Иманкулов болсо, эгер тыңшай турган болсо уруксат алышы керек эле жетекчиликтен, ага негиздүү себептер болушу керек эле дейт.

- Мен УКМК өтө кылдат иштөөчү орган деп эсептейм, анткени бул адистештирилген, кеңири мүмкүнчүлүгү бар орган, - деп айтат марат Муканович.  

Андан сырткары, генерал атайын кызмат көрүнгөндү эле тыңшай бербейт деп кошумчалады.

- Тыңшоо мыйзам чегинде болушу керек жана бир гана кылмыш иши козголгондо гана тыңшалат, - деп баса белгиледи ал.

Эске салсак, 8-сентябрда Боршайкомдун мүчөсү Гульнара Журабаева «Бухара» кафесинде ал отурган столдун астына кимдир бирөө диктофон коюп койгондугу тууралуу милицияга арыз жазган болчу.

УКМК маалымат кызматы  Vesti.kg сайтына бул ишти ИИМ УКМКга өткөрүп берди деп билдирди.

- Биз ишти иликтейбиз, - дешти чекисттер.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www






Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх