Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

1-январдан баштап жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөргө айдоочулардын укуктук күбөлүгүн тартып алууга тыюу салышат. Мунун оң жана терс жагы кайсы?

ИИМдин ЖКК экс-начальниги  бул жаңы тартип боюнча комментарий берди

Кыргызстанда «Кыргыз Республикасындагы эреже бузуу Кодексинин» 2019-жылы 1-январдан баштап күчүнө киргендигине байланыштуу айдоочунун укуктук күбөлүгүн тартып алуугу тыюу салынат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жол кыймыоынын коопсуздугун көзөмөлдөөнүн Башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.

Жол милициясы административдик протол толтуруу менен гана чектелээри белгиленет.

- Бул чара жол кыймылынын катышуучулары менен байланыштагы коррупциялык системаны азайтуу максаты менен колдонунулуп жатат, - деп түшүндүрдү ЖКККМБ.

ЖКК мурдагы башчысы Талантбек Исаевдин ою боюнча, бул оң натыйжа бериши мүмкүн.

- Биз мурда эле ушундай системаны киргизели деген болчубуз, дейт талантбек Кедейканович Vesti.kg сайты менен маектешкенде. - Биринчи кадам жасалды, биз Казакстан менен Россиядан мурун POS-терминалдарды киргиздик. Эреже бузгандар ошол турган ордунда эле төлөп кете беришет, айдоочулук күбөлүк үчүн чуркашпайт. Башкача айтканда коррупциялык аракет бир азга кыскарды.

Ошону менен бирге генерал Исаев автоайдоочулар өз убактысында айып пулду төлөйбү деген суроону койду.

- Мен алардын кандай механизм иштеп чыккандарын билбейм, бирок айып пул алуунун системасын табыш керек, деп белгилейт ал. - Биздин жарандар акыр аягына чейин созушу мүмкүн. Ким аларды тактайт - сот аткаруучуларбы же жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлериби? Анда паспорттогу чыныгы жашаган дарегин текшерүүгө туура келет.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх