Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жүзгө жакын Албек Ибраимовдун тарапкерлери сотторду процессти жылдырууга аргасыз кылышты

Бишкектин мурдагы мэринин жактоочусу элдин нааразычылыгы эмнеде экендигин түшүндүрдү

Бишкек шаар соту экс-мэр Албек Ибраимовдун иши тууралуу процессти 17-сентябрга жылдырды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурдагы мэрдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Юристтин айтымында, шаардык сот бүгүн Ибраимовдун камакта калуусун узартуу тууралуу  арызды карамак. Бирок бул процесс экс-мэрдин тарапкерлеринин каршылыгына байланыштуу токтотулду.

- Соттук жамаат жабык отурум кылууну чечти, - деп түшүндүрдү Слесарев. - Сотко келген Албек Ибраимовдун туугандары менен айылдаштары соттун жабык болушуна каршылык билгизишти. Алар эшиктин түбүнө туруп алышып, жактоочуну киргизбей, соттун ачык болушун талап кылышты. Мен алардын кылганына макулмун.

Ошондой эле жактоочу бул соттук отурумга жүзгө чукул Албектин тарапташтары келгендигин билдирди.
Эске сала кетсек, мурдагы мэр алдамчылык жана коррупция боюнча айыпталып жатат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх